Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын X-сессиясы
2018-жылдын 15-февралы № 1
Болот Мамбетов айыл аймагында ченемдик укуктук актыларды мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагында жашаган калк кыргыз улутунда болгондуктан жана мамлекеттик тилди өздөштүрө тургандыгын эске алып, Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Болот Мамбетов айыл аймагында ченемдик укуктук актылар мамлекеттик тилдекабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.12.2009-ж №743 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Нормативдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Ысык -Көл областтык юстиция башкармалыгынан эске алынсын.
3. Токтомду аткарууга алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн
жоопту катчысы Р.Белековага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жеке өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Мамбетов |