Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын X-сессиясы
2018-жылдын 26-февралы № 4
Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2019-2020 жылга болжолдуу жана 2018-жылга жергиликтуу бюджетин бекитүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы кабыл алынуучу жергиликтуу бюджети тууралуу маалымат боюнча финансы экономика болумунун башчысы-башкы бухгалтер А.Садыкованын билдируусун угуп жана талкуулап депутаттардын Болот Мамбетов айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги сунуш кылган такталган цифранын негизинде 2018-жылга Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү жалпы 7 665,3 миң. сом өлчөмүндө 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттин кассалык жүгүртүүнүн өлчөмү 2018 –жылга 62,2 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги аркылуу которулуучу Республикалык бюджеттен келген теңдоочу гранттын өлчөмү 2018-жылга 3580,7 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалар бөлүгү жалпы 7665,3 миң. сом өлчөмүндө, айыл өкмөттүн карамагында турган бюджеттик мекемелеринин 2018-жылга эмгек акы фондулары жана соц.фондго чегерүүлөрү № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5.2019-2020-жылдарга Болот Мамбетов айыл өкмөтүнүн жергиликтуу бюджетинин кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнүн болжолдуу планы №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6.Жергиликтүү бюджеттин өз багытында так аткарылышы,бюджеттик каражаттардын мыйзамдуу пайдаланышын көзөмөлгө алуу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы – башкы бухгалтер А.Садыковага милдеттендирилсин.
7.Жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды аткарууга байланышкан финансылык операцияларды жургузуп берүү Тон райондук Каржы бөлүмүнөн суралсын.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.К.Көөкөровго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Мамбетов |