Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын X-сессиясы
2018-жылдын 26-февралы № 6
Таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигону үчүн жер тилкесин бөлүү тууралуу
Эшперов,Ак-Сай,Көк-Сай,Жер-Үй айылдарында таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо үчүн полигон жок болгондуктан тиричилик калдыктарынан пайда болгон таштандылар жаратылыш ресурстарына,курчап турган чөйрөгө орду толгус,чон зыяндарды алып келүүдө.Бул маселени карап талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда таштандыларды сактоо жана аларды утилизациялоо полигондорун куруу үчүн ар бир айылга төмөндөгү контурлардан жер тилкелери бөлүнүп берилсин.
-Эшперов айылына караштуу “Мустапа” жер тилкесинен 2,0 га;
-Ак-Сай айылына караштуу “Эшме тоолор” жер тилкесинен карта боюнча 21/02 контурунан 2,0га;
-Көк-Сай айылына караштуу “Карьер”жер тилкесинен карта боюнча 135/05 контурунан 2,0га;
-Жер-Үй айылынан 1,0га жер тилкеси
баардыга 7,0 га жер тилке
Төрага | Ж.Мамбетов |