Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын X-сессиясы
2018-жылдын 05-марты № 9
Ак-Сай айылынын тургундарынын чогулушунун токтому жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургундары ушул айылдагы фельдшердик-акушердик пунктун (ФАП) атын, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы, ”В.И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгына карата каармандыга үчүн” юбилейлик медалынын, ”Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”медалынын, ”Эмгек ардагери”медалынын жана райондун, жергиликтүү органдардын баалуу сыйлыктарынын ээси, Эл депутаттарынын Күн-Батыш айылдык Кенешинин бир нече жолку чакырылышынын депутаты, көзү өтүп кеткен Жумакан Көчөрбаеванын наамына коюп берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. №7-Бүркүт үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун Ак-Сайдагы Фельдшердик-акушердик пунктуна (ФАП) Жумакан Көчөрбаеванын ысымы ыйгарылсын.
2. Жумакан Көчөрбаеванын ысымы ыйгарылган Фельдшердик-акушердик пунктуна (ФАП) табличканы жасатып илүү жана бул мекемеге тиешелүү ар кандай иш чараларга катышып туруусу балдарына милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Болот Мамбетов айылдык Кенешинин “мыйзамдуулуктун,тартиптин сакталышы, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо,архитектура курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж.Мамбетов |