Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын X-сессиясы
2018-жылдын 05-марты № 10
Ак-Сай айылынын тургундарынын чогулушунун токтому жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын Ак-Сай айылынын тургундары ушул айылда элдин жардамы менен курулган кичи футболдук аянтчага ушул эле айылдын тургуну, Кыргыз ССРнин элге билим берүүсүнүн отличниги, Ж.Турусбеков атындагы орто мектептин мугалими Шамшиев Жаанбайдын элесин түбөлүккө калтыруу максатында өзү иштеп кеткен мектептин эмгек жамаатынан жана айыл тургундарынан кайрылуулар келип түшкөн. Бул маселе боюнча ардагерлер кенешинин мүчөсү Т.Ысыраиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айылындагы кичи футболдук аянтчага Шамшиев Жаанбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Шамшиев Жаанбайдын ысымы ыйгарылган кичи футболдук аянтчага табличканы жасатып илүү жана бул аянтчага тиешелүү ар кандай иш чараларга катышып туруусу балдарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Болот Мамбетов айылдык Кенешинин “мыйзамдуулуктун,тартиптин сакталышы, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо,архитектура курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ж.Мамбетов |