Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын X-сессиясы
2018-жылдын 05-марты № 13
Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара укугун берүүгө тоорук өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 4-бөлүмүнө ылайык Депуттатардын Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI – чакырылышынын XII- сессиясы “Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарда пайдалануу укугун берүү” боюнча маселени карап Болот Мамбетов айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарада пайдаланууга алып, ижара мөөнөтү аяктай электе ижара укугунан ыктыярдуу баш тарткан 17,57га жер аянты лотторго бөлүү менен “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун”негизинде тоорукка коюлсун.
2. Тоорук өткөрүү 2018-жыл 6-апрелге белгиленсин.
3. Болот Мамбетов айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара укугун берүүгө тоорук өткөрүүлөрү жөнүндө маалыматтык билдирүү, кулактандыруулар таркатылсын.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы И.К.Көөкөровго тапшырылсын.
Төрага | Ж.Мамбетов |