Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылдын 28-августу № 92
Маданият тармактарынын жана китепканалардын 2013-жылда жана 2014-жылдын жарым жылында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Айылдык кеңештин депутаты билим берүү боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү
Урматаев Тагайдын билдирүүсүн, сунушун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз ХХI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият тармактарынын 2013-2014-жылдар үчүн жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Маданият үйүндө жаштар арасында дискуцияларды өткөрүү жана ар кандай концерттерди КВНдерди уюштуруу маданият үйүнүн башчысы У.Жапаровго жана клубдун башчыларына милдеттендирилсин.
3. Клубдун башчыларына жана китепкана башчыларына төмөндөгү иштерди аткаруу жагы белгиленсин:
- Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата ар кандай тематикалык кечелерди өткөрүү.
- Эгемендүүлүк күнүнө карата кечелерди өткөрүү.
- 23-сентябрь мамлекеттик тил майрамына карата мектептер арасында,
бала-бакчаларда,китепканалар арасында «эне-тилим эне-сүтүм» деген майрамдык
салтанатты өткөрүү
- Т.Сатылгановдун 150 жылдыгына карата «Тоо булубулу Токтогул» деген аталыштагы айылдар аралык жыйын, ыр кеселерди өткөрүү.
- Клубдардын айланасын иретке келтирүү жана көрктөндүрүү, жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жагы клуб башчыларына милдеттендирилсин.
4. Айыл өкмөттүн бюджетине жараша китепканаларды, клубдарды тиешелүү инвентарлар менен камсыз кылуу боюнча иш жүргүзүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Маданият тармактарынын ишмердүүлүгүнө ай сайын көңүл бурулуп, бюджетке салым кошуу иш чарасын уюштуруу жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевке милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловко тапшырылсын.
7. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |