Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 23-июлу № 88
Үч-Терек айыл өкмөтүнө сатылып келинген инженердик техникаларды ижарага берүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө сатылып алынып келген техникаларды өзүн актоо үчүн ижарага берүү керек.Ижарага бир инженердик техниканын бир күндүк акысын 5000 сомдон кем эмес өлчөмдө берилүүсү каралсын.Ижарага берилгенде техникаларды айдоочулары менен кошо келишимдин негизинде юридикалык жактарга берүү жана ижарага берүүдө коопсуздук жактары эске алынуу зарыл. Айдоочулардын тамак-ашы,жатаканасы ижара алуучулар тараптан төлөнүп берүлүүсүн кошо кара кароо керек. Келишимге ижарага алган тарап күйүүчү майын барган келген тарабын өзү камсыз кылууну киргизүү керек.
Ошондой эле ижара акылары айыл өкмөттүн атайын каражатына которулуп турулсун. Техникаларды тез арада ижарага берүү керек. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин кезектеги ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн инженердик техникаларын ижарага берүү тез арада ишке ашырылсын.
2. Бир инженердик техниканын бир күндүк акысын 5000 сомдон кем эмес өлчөмдө берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ижарага берилген инженердик техникаларды айдоочулары менен кошо келишимдин негизинде юридикалык жактарга берүү жана ижарага берүүдө коопсуздук жактары эске алынып, айдоочулардын тамак-ашы, жатаканасы ижара алуучулар тараптан төлөнүп берүү жагы каралсын.
4. Инженердик техникалардын 11 балону жараксыз болгондуктан жаңы балон менен алмаштырууга 220000 сом акча каражаты атайын эсептен бөлүнүп берилсин жана акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Ижара акылары Үч-Терек айыл өкмөтүнүн атайын эсебине которулсун.
6. Техникаларды ижарага алуучулар техникаларды оң абалда ГСМ менен камсыз кылып туруусу эске алынсын.
7. Ижара акылардан түшкөн акча каражатын максаттуу колдонуу жагы катуу көзөмөлгө алынсын.
8. Бул токтомду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго тапшырылсын.
10. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |