Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 28-августу № 93
«Айыл-чарба багытындагы жерлер категориясынын» «Калктуу конуштардын жерлерине» которууга макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясынын айыл чарба багытындагы жер аянттарын трансформациялоо боюнча жер адиси К.Абазовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин кезексиз XХI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Жетиген, Саргата, Кызыл-Ураан, Үч-Терек, айылдарынын калктуу конуштарын кеңейтүү, жаш үй-бүлөөлөрдү жер участкасы менен камсыз кылуу максатында жогоруда көрсөтүлгөн айылдардын Кармоцех участкасынан 30 га, жайыт жерлери (111, 112, 114, 134, 117, 135,146 чөйрө сызыктары) Намаздык участкасынан 10 га жайыт жерлери, (1478, 1480,1481,1573 чөйрө сызыктары) Үч-Терек –Өзгөрүш унаа жолунун чыгыш жана батыш тарабындагы 2 га жайыт жерлери (209 чөйрө сызыктары), Күн-Тийбес жана Кара-Шагыл участкасынан 4 га жайыт жерлери (чөйрө сызыктары Бишкек-Ош унаа жолунун жээгиндеги контурлардагы 4,5 га жайыт жерлери чөйрө сызыктары жок) жалпы 50,5 га жайыт жери, Ал эми Бел участкасынан 15 га кайрак айдоо жерлери (3130,3127,3128, чөйрө сызыктары),Ак-Дөбө участкасынан 16 га кайрак айдоо жерлери (2348,2346,2347,2351,2349 чөйрө сызыктары),Ак-Жар участкасынан 3,0 га кайрак, айдоо жерлери (3452 чөйрө сызыктар), Кочкор-Ата участкасынан 1,5 га кайрак,айдоо жерлери (чөйрө сызыктары жок) жалпы 35,5 га кайрак, айдоо жерлерин же болбосо 50,5 га жайыт жери, жалпы айыл өкмөт боюнча 86,0 га айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан калктуу конуштардын жерлери категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдан трансформацияга сунушталган жайыт жана кайрак айдоо жерлердин башкы планын түзүп,техникалык негиздемесин даярдап берүү жагы Токтогул райондук шаар куруу жана Архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясынын 2014-жылдын 28-августундагы токтомуна ылайык чнчим кабыл алуу жагы айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М.Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
5.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |