Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 28-августу № 94
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттик 2014-жылдын III-кварталынын сметасына кошумча каражат карап берүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айылдык кеңештин кезектеги сессиясына жергиликтүү бюджеттин 2014—жылдын III кварталына сметага кошумча каражат карап берүү үчүн айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтеринин сунушунда төмөнкү статьялар боюнча карап берүү жагы сунушталган.
Ар кандай чыгым жана ар кандай кызмат көрсөтүү үчүн 22154900 статьяга 599743 сом., Текущий ремонт 22211100 статьяга 196120 сом.Чарбага байланышкан кызмат көрсөтүүгө материалдарды сатып алууга 22221200 статьяга 401735 сом.Запастык фонддон муниципалдык кызматкерлер 28215200 статьяга 50 000 сом.Ар кандай жайларды куруу жана ага материалдарды сатып алууга 31112290 статьяга 87 000сом, Ар кандай механизм-дерди сатып алууга 31122290 статьяга 500 000 сом. Баардыгы: 1834598 сом, жана Компьютердик техникаларды сатып алууга 31123230 статьяга 148 967 сом, Видео камера сатып алууга 31123230 статьяга 89037 сом.Баардыгы: 238 004сом. Жогорудагы статьялар боюнча көрсөтүлгөн акча жогорудагы статьялар боюнча көрсөтүлгөн акча каражатын III- кварталдын сметасына киргизүү үчүн сунуш кылынды.Жогорудагылардын негизинде Үч-Терек айылдык кеңешинин кезектеги ХХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери, айылдык кеңештин кезексиз ХХI-сессиясына кайрылган сунушун эске алып жана айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетинин токтомунун негизинде ар кандай чыгымдарга жана кызмат көрсөтүү үчүн жалпы суммасы 1834598 сом, компьютердик техникаларды сатып алууга 148967 сом, видео камерага 89037 сом бардыгы 238004 сом көрсөтүлгөн стаьялар боюнча III кварталдын сметасына кошумча акча каражаты каралып бекитилсин.
2. Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык маарекесине карата ар кандай чыгымдар үчүн 200 000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Кошумча акча каражатын статьялар боюнча карап берүү жагы Токтогул райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын жана акча каражатын өз багытында жумшоо жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
5. Акча каражатынын статьялар боюнча жумшалышына көзөмөл жүргүзүү жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |