Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 102
Айыл өкмөтүнүн жер адиси К.Абазовдун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Фонддун жерлерин ижарага берүү тартиби ар бир участоктун контуру боюнча гектарлары аныкталып,ал жерлердин түшүмдүүлүгүнө жараша баалары бекитилип, ар бир ижарачы менен 2 жыл 10 айга келишимдер түзүлүп,ошол келишимдеги көрсөтүлгөн суммадагы аренда акылар бүгүнкү күнгө толук өндүрүлүп,айыл өкмөтүнүн эсеп счетуна төгүлүүдө.
Аренда акылардын жана жер салыктарынын өндүрүлүшүн Токтогул райондук финансы бөлүмү аркылуу 17-18 ноябрь күнү эки күн катарынан текшерилип такталды.
Мурунку кезектеги жана кезексиз сессияларда каралган маселелер боюнча мисалга алсак, мыйзамсыз курулуштар,алардын укук тастыктоочу документацияларын кароо жөнүндө иштер жүргүзүлдү.
Үч-Терек дыйкандар базарынын ичиндеги мыйзамсыз курулган курулуштарга акт түзлүп тиешелүү дистанциядагы органдарга өткөрүлүп берилген бирок,алар тарабынан канаттандырарлык жыйынтык чыккан жок.
Ар бир айылдын ген планы Кыргыз гипрозем институтунан алынып келинип айыл өкмөтүнүн балансасында турат.
Ошондой эле Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Такталык айылына өзүнчө статус берүү жөнүндөгү иш кагаздары,Кыргыз мамлекеттик жер долборлоо институту менен келишим түзүлүп тиешелүү картографиялык материалдар сызылып айылдын тарыхы анотациясы,чогулуштун протоколу,токтомдору,сессиянын чечимдери тиркелген төрт дело ырасталып жогорку органдарга жөнөтүлдү.
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу бардык айылдардын калктуу конуштарын кеңейтүү максатында бүгүнкү күндө Жетиген айылынан 3 га кайрак айдоо жер, Кызыл-Ураан айылынын Ак-Дөбө участкасынан 6 га,Кочкор-Ата участкасынан 1,5 га,кайрак айдоо жер,Саргата айылынын Намаздык участкасынан 10,0 га,Үч-Терек айылынан Бишкек-Ош унаа жолунун жээгинен 8,5 га гектар жайыт жери, Кармоцех участкасынан 25 га жайыт жери,Үч-Терек-Өзгөрүш унаа жолунун жээгинен 2 га жайыт жери жалпы 9 га кайрак жерден, 62 га жайыт жеринен калктуу конуштардын жерине которулушуна документтер даяр. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жер адиси К.Абазовдун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иши канаттандырарлык деп табылсын.
2. Кум-Бел участогунун кум карьерин айыл өкмөтүнүн карамагына алып тиешелүү документтерин бүткөрүү жана Үч-Терек айыл аймагындагы үлүш жерлердин кайрак жерлерин ээлерине тактап картасын жасатуу жагы жер адиси К.Абазовго тапшырылсын.
3. Кызыл-Ураан айылындагы Үч-Терек Өзгөрүш авто жолунун жээгине адамдар каттоочу тратуар ачуу жагы жер адиси К. Абазовго,архитектор Ш.Туйтуловго тапшырылсын.
4. Күн-Тийбес участогундагы жана Бишкек-Ош автожолунун жээгиндеги ашкана жана өздөштүрүүгө берилген жер аянттарына мыйзамсыз турак жай салып алган жарандарга тиешелүү чара көрүү жагы жер адиси К.Абазовго, архитектор Ш.Туйтуловго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары М. Чолпонкуловго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |