Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 101
Айыл өкмөтүнүн алдындагы техникалар боюнча механигинин 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө келен техникалардын 2014-жылдын март айынан октябрь айына чеймнкм мезгилде аткарган иштери төмөндөгүчө болгон.
Үч-Терек айылы боюнча 10 көчөгө шагыл төгүлүп жалпы смета боюнча 534868,8 сомдук, Саргата айылына 9 көчөгө шагыл төгүлүп жалпы смета боюнча 1255953 сомдук, Кызыл-Ураан айылына 7 көчөгө шагыл төгүлүп жалпы смета боюнча 630677 сомдук, Жетиген айылынын Жетиген, Арал, Арал-Такталык жолдоруна жана Тик-Сай каналына шагыл төгүлүп 8 даана труба орнотулуп жалпы смета боюнча 394925 сомдук, Жалпы айылдар боюнча 2914874,2 сомдук иш аткарылган.
Элге кызмат кылууда 1025436 сомдук, договордук аренда боюнча 735000 сомдук жалпы айыл өкмөтү боюнча 4675310,2 сомдук иш аткарылган. Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы техникалар боюнча механик И.Кадыровдун 9 айда жүргүзгөн иши канаттандырарлык деп табылсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн инженердик техникаларына өзүнчө эсеп ачуу менен тех.сервис уюштуруу жагы механик И.Кадыровго, башкы эсепчи Ш.Сатыбалдиевге, милдеттендирилсин.
3.Инженердик техникаларга тез аранын ичинде гараж куруу үчүн жер маселесин чечип берүү жагы айыл өкмөт башчысы Р. Сейдалиевге, жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
4.Инженердик техникаларды ишке чыгарууда техникалардын путевой листерин, сменный рапортторун түзүлгөн сметаларын өз убагында жүргүзүп туруу жагы инженер ПТО Б.Ысабаевага милдеттендирилсин.
5.Үч-Терек айыл өкмөтүндө эксковатор инженердик техникасын тез арада оң абалда ишке чыгаруу кечиктирилгис маселе болгондуктан 2015-жылдын март айына чейин чара көрүп чечүү жагы механик И.Кадыровго милдеттендирилсин.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
7.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
8.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |