Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 05-ноябры № 97
Салык инспекторунун 9 айда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету
Айыл өкмөтүндө салык жыйымдары 9 айда төмөндөгүдөй аткарылган.
Киреше салыгы 9 айда план 2180,0 сом болсо аткарылды 2180,1миң сомго же 100,0 пайызга аткарылган.Патенттик нег.а.к.салыгы план 246,5 сом болсо аткарылган 369,5 сомго, же 149,9 пайызга, физикалык жер салыгы план 207,0 сом болсо, аткарылган 215,0 сомго же 103,9 пайызга, юридикалык жер салыгы план 1396,9 сом болсо аткарылган 1290,7 сомго же 92,4 пайызга же 106,2 сомго кем, айыл чарбасына багытталбаган жер салыгы план 1206,0 болсо 1069,0 сомго 88,6 пайызга же 137,0 сомго кем аткарылган.
Айыл чарбасына багытталган жер салыгы план 190,9 сом болсо аткарылган 221,7 сомго же 116,1 пайызга,сатуудан алынуучу салык план 703,8 болсо аткарылган 1583,2 сомго же 225,0 пайызга,кыймылдуу мүлк салыгы план 200,0 сом болсо аткарылганы 206,5 сомго же 103,3 пайызга, КБФ ижара салыгы план 115,7 сом болсо аткарылган 234,7 сомго же 202,9 пайызга аткарылган.
Мамлекеттик жыйым план 50,0 сом болсо аткарылган 12,6 сомго, же 37,4 сомго кем, кыймылсыз мүлк салыгы план 10,0 сом болсо аткарылган 8,6 сомго же 1,4 сомго кем аткарылган.Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүндөгү салык инспекциясынын иши кемчилдиктери менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Камбар-Ата шаары жайгашкан жер аянтынын балансасын такташтырып, жер салыгын бүгүнкү күнгө чейинкисин эсептеп чыгып өндүрүү жана Курп-Сай ГЭСнин пайдалануусундагы жерлердин салыктарын жана сатуудан түшкөн салыктарын өндүртүү жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге, улук салык инспектору А.Рысбаевге, жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
3. Айыл аймагына караштуу коммерциялык багыттагы жерлердин жана иш каналардын жер салыктарын үзгүлтүксүз төгүлүшүн текшерүү жана сатуудан түшкөн киреше салыктарын убагында бюджетке төктүрүп туруу жагы улук салык инспектору А.Рысбаевге милдеттендирилсин.
4. Бадачылардын,трактористтердин тапкан кирешесинен салыктарды төлөтүү жана
лотериялык билеттерди ойноткон тотализаторлордон салык чогултуу боюнча иш жүргүзүү жагы салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
5. УЭСтен столбалар,трансформаторлордун жер салыгын өндүрүү жана май куюуучу жайлардагы иштеген жумушчулардын киреше салыктары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн бюджетине чегертүүнү камсыз кылуу жагы башкы бухгалтер Ш.Сатыбалдиевге,салык инспектору А.Рысбаевге милдеттендирилсин.
6. Кирпич заводунун жумушчуларынын киреше салыктарын жана заводдун сатуудан түшкө 1,5 % салыктарын бюджетке чегертүү жагы салык инспектору А.Рысбаевге милдеттендирилсин.
7. Жайыт комитетинен төгүлгөн салыктарынын 50% пайызын айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерип берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
8.Микро кредиттик компаниялардын киреше салыктарын бюджетке чегертүү жагы жана алар колдонуп жаткан имарат жайдын ээлеринен ижара акысынын киреше салыгын өндүрүү жагы салык инспектору А.Рысбаевге милдеттендирилсин
9. Бул токтомдун аткарылышы боюнча айылдык кеңешке 2015-жылдын 15-январына маалымат берүү жагы А.Рысбаевге милдеттендирилсин.
10.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |