Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 19-ноябры № 103
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж. Казимидиновдун 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштери жөнүндө
Айыл өкмөт үстүбүздөгү жылы негизги иштерди 2014-жылга кабыл алган иш чаралардын негизинде жүзөгө ашыруу аракеттери жасалды. Социалдык багытта Үч-Терек, Саргата жана Кызыл-Ураан айылдарында көчөлөргө шагыл төгүү, тегиздөө, арыктарды тазалоо жана көпүрөлөрдү салуу иштери жүргүзүлдү.Үч-Терек айылы боюнча 10көчөгө шагыл төгүлүп тегизделип 534868 сомго, Саргата айылы боюнча 1255953 сомго, Көк-Жар, Карды-Жарык каналдарын тазалоого ӨКМнин күйүүчү майынын жардамы менен 98545 сомго, Кызыл-Ураан айылында 7көчөгө жана жолдорго 630677сомго жана Жетиген айылынын Арал участкасындагы 4 чакырым жолдун курулушуна 394925 сомдук иштер аткарылган. Жалпысынан 2914874 сомдук иштер айыл өкмөттүн техникаларынын жардамы менен бүткөрүлгөн. Мындан тышкары техникалар айыл өкмөттүн жашоочуларына793828сомдук кум, шагыл, таш жана топурак менен камсыз кылып кызмат көрсөтүлгөн.
Үстүбүздөгү жылдын чет элдик инвестиция тартуунун негизинде ТВЕА Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Мусажан Макелектин көмөгү менен Кызыл-Ураан айылындагы балдар бакчасынын имараты толугу менен заманбап ремонттолуп, 75 балага инвентарлар менен камсыздалып жалпысынан 6 млн.сомдук иштер аткарылган.
Жеке ишкерлер тарабынан дагы социалдык курулуштар курула баштады. Атап айтсак Үч-Терек айылында жеке ишкер К.Акаева тарабынан 400 оорундуу тойкана курулуп бүткөрүлүп ишке кирүү алдында турат.Ошондой эле Саргата айылынын К.Токторалиев атындагы орто мектепти 20жыл мурда бүткөн окуучулардын күчү менен ушул айылдын тургуну эмгек ардагери Калназарова Мистеканга үч комнаталуу там заманбап ремонту менен салынып берилди.
Социалдык багытта Айыл өкмөтү боюнча 9айдын ичинде 310адам жөлөк пул алуу боюнча кайрылышса, анын ичинен 304адам жөлөк пул алышууда.Айыл өкмөттө Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан 51 балага айына 1000сомдон пособие төлөнүүдө жана кышкы-жазгы кийим-кечесине акчалай жардам көрсөтүүдө.
Ошондой эле үстүбүздөгү жылы дагы 18 балага документтери тапшырылып, пособие берүү алдында турат. Турмуш-шарты оор адамдарга 10миң 700сомдук жардам көрсөтүлгөн.
Айыл өкмөтүнүн экономикалык багытында 9 ай ичинде 12192523сом киреше чогултулуп анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 7047323сом, теңдештирүүчү гранттан 5145200сом түшүрүлгөн. Жергиликтүү каражаттан түшкөнү 5680100сом болжолдонсо, иш жүзүндө 7047323сом өндүрүлүп, план 124пайызга аткарылган. Каралган салыктардын бардык түрлөрү боюнча ашыкча аткарылган.
Ошондой эле айыл өкмөттөгү жайыт комитети тарабынан 2014-жылдын тогуз айында 518миң сом жайыт акылары чогултулуп, 107миң сом жер салыгы айыл өкмөттүн эсебине которулуп берилген.
Айыл чарбасынын негизги багыттарынан болгон мал чарбасында да 2014-жылы малдардын сандык өсүшү болгон.
1-январь 2014-жылга 3920 кара мал,19256 баш кой-эчки,627баш жылкы жана 8912баш канаттуулар катталган же болбосо 2013-жылга салыштыр-малуу малдардын бардык түрлөрү боюнча 3-3,5 пайызга өсүш болгон.
Менчик малдарды ветеринариялык көзөмөлдөө үчүн айыл өкмөткө 1 ветеринардык врач штаттык бирдикте жана 3 ветеринардык врачтар келишимдик негизинде кызмат өтөшөт.
Жогорудагыларды белгилеп айылдык кеңештин ХХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын 2014-жылдын 9 айында жүргүзгөн иштеринде айрым кемчилдиктерди кетирилгендиги үчүн эскертүү берилсин.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлеринин эмгек келишимдерин мыйзам чегинде кечиктирилбестен өз убагында Кыргыз Республикасынын эмгек кодексинин негизинде түзүлүшүн камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Сейдалиевге милдеттендирилсин.
3.Күн-Тийбес участкасынан Бишкек-Ош автожолунун боюндагы ашыкча өсүп кеткен тал-теректерди алдырып тазалатуу жагы Саргата айылынын айыл башчысы М. Келгенбаевге милдеттендирилсин.
4.Камбар-Ата шаарчасынын жайгашкан жер аянтын Үч-Терек аймагына караштуулугун тактап мыйзам чегинде кечиктирилгис чараларды көрүү жагы айыл өкмөт башчысы Р.Сейдалиевге, жер адиси К.Абазовго милдеттендирилсин.
5.Осмон-Ата суу сактагычынын проектисин жана Үч-Терек айылынын таза суу проектисине 2015-жылдын март айына чейин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6.Жолбун ит мышыктарды,карышкырларды,каргаларды аттырып жок кылуу боюнча Токтогул райондук мергенчилик коому менен келишим түзүп акчасын көрсөтүү жагы башкы бухгалтер Ш. Сатыбалдиевге милдеттендирилсин.
7.Көчөлөргө шагыл төктүрүп тегиздетүүдө жана көчөлөрдүн тазалыгын, көчөлөрдүн жолго чыгарып тоскон мыйзамсыз тосмолорун жылдыртуу боюнча иш жүргүзүү жагы ысымдарын берген атуулдарга жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын өзүмө калтырамын.
9.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ө. Сулайманов |