Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-чакырылышынын кезексиз ХХI сессиясы
2014-жылдын 23-июлу № 89
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айылдарындагы участокторду жана көчөлөрдүн аттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көргөзмөсүнө ылайык айыл өкмөткө тиешелүү бардык шайлоо участокторундагы айылдардын көчөлөрүнүн аттарын жана конуштардын аталыштарын тактап берүү жөнүндөгү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 27-мартындагы № 12 катын аткарууга алып, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген, Кызыл-Ураан, Саргата, Үч-Терек айылдарындагы көчөлөрдүн аттары жана участокторунун аталыштарын мурунку аталыштары менен калтыруу боюнча жоопту катчынын убактылуу милдеттин аткаруучу Абазов Калыбайдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин ХХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын көргөзмөсүнө ылайык айыл өкмөткө тиешелүү бардык шайлоо участокторундагы айылдардын көчөлөрүнүн аттарын жана конуштардын аталыштарын тактап берүү жөнүндөгү Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 27-мартындагы № 12 катынын негизинде Үч-Терек айыл өкмөтүнүн Жетиген, Кызыл-Ураан, Саргата, Үч-Терек айылдарындагы көчөлөрдүн аттары жана участокторунун аталыштары мурунку сессияда каралган аталыштары менен калтырылсын.
2. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | А. Рахманкулов |