Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы III сессиясы
2017-жылдын 28-октябры № 32
Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Садыр аке айылдык кеӊеши жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Садыр аке айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын укуктары -өткөрүлүп берилсин.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеӊеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жааматтын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчиликтерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каражаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы-Жайыт комитетине эскертилсин.
Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туру жагы милдеттендирилсин.
Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар КР «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкөмт башчысы Э.Аруновко жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Кадыркулов |