Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы III сессиясы
2017-жылдын 28-октябры № 34
Малдарды идентификациялоого тариф бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын Ысык-Көл райондук башкармасынын 2017-жылдын 24 октябрь № 04-231 катынын негизинде жана айыл аймактагы малдарды идентификациялоо эки кулагына бирка тагуу өнөктүгү башталганына байланыштуу Садыр аке айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айыл аймагындагы малдарды идентификациялоо эки кулагына бирка тагууга ар бир бодо малдын башына музоо болобу, уй болобу мал ээсинен 30 сом өлчөмүндө акча каражаты каралсын.
2. Бул токтом Облустук юстиция башкармалыгынан укуктук ченемдик актылардын реестирине киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысы Э.Аруновго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Кадыркулов |