Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 27-12/7
"№4 мектеп-гимназиясынын имаратынын жылытуу системасын алмаштыруу"долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 20-декабрындагы, кир.№01-7/641, катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 2017-жылдын бюджетинде 953 346 (тогуз жүз элүү үч миң үч жүз кырк алты) сом өлчөмүндөгү акча каражатын карап, сметалык баасы 3 177 821 (үч миллион бир жүз жетимиш жети миң сегиз жүз жыйырма бир) сомду түзгөн, "№4 мектеп-гимназиясынын имаратынын жылытуу системасын алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты 30 % каржылашуу үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |