Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29 декабры № 27-12/9
"№5 бала-бакчанын терезелерин алмаштыруу"долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 20-декабрындагы, кир.№01-7/641, катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 2017-жылдын бюджетинде 893 533 (сегиз жүз токсон үч миң беш жүз отуз үч) сом өлчөмүндөгү акча каражатын карап, сметалык баасы 2 978 444 (эки миллион тогуз жүз жетимиш сегиз миң төрт жүз кырк төрт) сомду түзгөн, "№5 бала-бакчанын терезелерин алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты 30% каржылашуу үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |