Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 27-12/10
"№13 бала-бакчанын имаратынын терезелерин алмаштыруу"долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашуугаакча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 20-декабрындагы, кир.№01-7/641, катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 2017-жылдын бюджетинде 912 000 (тогуз жүз он эки миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын карап, сметалык баасы 3 040 000 (үч миллион кырк миң) сомду түзгөн, "№13 бала-бакчанын имаратынын терезелерин алмаштыруу" долбоору боюнча дем берүүчү грантты 30% каржылашуу үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |