Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры №27-12/11
"№9 орто мектебине айкалыштырылган спорт аянтчасын куруу"долбоору боюнча боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 20-декабрындагы, кир.№01-7/641, катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияcынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 2017-жылдын бюджетинде
1 425 949 (бир миллион төрт жүз жыйырма беш миң тогуз жүз кырк тогуз) сом өлчөмүндөгү акча каражатын карап, сметалык баасы 3 638 556 (үч миллион алты жүз отуз сегиз миң беш жүз элүү алты) сомду түзгөн, "№9 орто мектебине айкалышкан спорт аянтчасын куруу" долбоору боюнча дем берүүчү гранттын 39,2% каржылашуу үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |