Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 23-январы № 1/1
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Экономика жана Каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А. Тажибаеванын отчетун угуп Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн2017-жылга бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолдуу көлөмүн «Кыргыз Республикасынын 2017-жылга Республикалык бюджеттери жөнүндө № 371 4-V» мыйзамдардын негизинде түзүлүп, сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы өзгөртүүлөрү менен 30048,8 мин сомго, чыгаша бөлүгүнүн аткарылуусу 30212,1 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылгы бюджетинин киреше бөлүгү атайын каражатсыз 1056,4 мин сом,чыгашалары боюнча жетишпестигин эске алуу менен 10561,4мин сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга атайын каражаттар боюнча киреше жана чыгаша бөлүгү 1088,6мин сом олчомундо №2-тиркемеге ылайык бекитилсин,
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылгы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору атайын каражатсыз 10762,4мин сомго №3,4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору атайын каражатсыз 11282,5мин сомго №5- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2017-жылга Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржылануучу чыгымдарды, анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша, биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча эмгек акы, соц фонд чегерүүлорү, тамак аш, коммуналдык кызмат беренелерине чыгымдоолор жүргүзүлсүн.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылгы бюджетинен чыгашалардын корголгон беренелерине каралган каражаттар, штаттык бирдиктер нормативдик актылар өзгөргөндө азайтылышы же көбөйтүлушү мүмкүн.
Айыл Өкмөттүн бюджеттик мекеме уюмдар тарабынан бюджеттик каражаттарды регионалдык казына бөлүмүнө кириштелбей туруп, сарптоого тыюу салынсын.
Көтөрмө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга каралган бюджети 2017-жылдын 1-январынан баштап ишке киргизилсин.
Төрага | Айтмамат уулу Акжол |