Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыш кезектеги I сессиясынын
2017-жылдын 23-январы № 1/2
Айыл аймагындагы женилдиктерден пайдалануучу атуулдардын тизмесин бекитүү жөнүндө
Айыл Өкмөтүндогү жениликтерден пайдалануучу атуулдардын тизмесин айыл аймагынын айыл кенешинин сессиясында карап чыгып жана талкуулап айылдык кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык төлөмдөрдүн женилдиктерден пайдалануу боюнча 344- беренесинин негизинде Көтөрмө айыл аймагындагы Ооган коогалаңынын катышуучулары, Чернобль кырсыгынын катышуучулары, пенсия жашындагылар жана 1-2- топтогу майыптар, мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
2. Көтөрмө айылдык өкмөтүнүн Тамаша, Кара-Шоро айылдарынын жашоочулары физикалык жер салыктарынын 50% пайызга бошотулсун.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы бөлүмүнүн башчысы А.Тажибаевага жана киреше бөлүмүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Айтмамат уулу Акжол |