Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 27-12/12
"№5 орто мектебинин спорт аянтчасын куруу"долбоору боюнча дем берүүчү грантты каржылашууга акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык финансы бөлүмүнүн башчысы Г.С.Толумбекованын, 2016-жылдын 20-декабрындагы, кир.№01-7/641, катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияcынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 2017-жылдын бюджетинен, 1 024 347 (бир миллион жыйырма төрт миң үч жүз кырк жети) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, сметалык баасы 3 414 490 (үч миллион төрт жүз он төрт миң төрт жүз токсон) сомду түзгөн, "№5 орто мектебинин спорт аянтчасын куруу" долбоору боюнча дем берүүчү гранттын 30% каржылашуу үчүн, бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |