Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 27-12/13
Кузбасская атн.көчөсү тарабындагы жаңы конуштун бир көчөсүнө Айтбосун Тиленбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Каракол шаарынын №2 МАКӨБдүн башчысы А.Коробаевдин, 2016-жылдын 12-декабрындагы кир.№01-7/618 катын карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кузбасская атн.көчөсү тарабындагы, жаңы конуштун бир көчөсүнө, Айтбосун Тиленбаевдин ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Каракол шаарынын мэриясы, бир айлык мөөнөттүн ичинде, көчөнүн аты жазылган табличкаларды даярдоону жана Айтбосун Тиленбаевдин атн.көчөнүн бурчтагы үйлөрүнө тактырууну камсыз кылсын.
3. Демилгелүү топ, Айтбосун Тиленбаев атн. көчөнү абаттоого, жашылдандырууга, "Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аттарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда, жаңы аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектерин атоо тартиби" жөнүндөгү Жобого ылайык, мүмкүн болушунча жардам беришсин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |