Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры №27-12/14
Каракол шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин 2016-жылдын 27-декабрындагы, чыг. №1/16-6070, республикалык бюджеттен, жергиликтүү бюджетке, 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражаты түшкөндүгү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 2016-жылдын жергиликтүү бюджетине, 15 000 000 (он беш миллион) сом өлчөмүндөгү акча каражаты боюнча өзгөртүү киргизсин жана Каракол шаарынын төмөнкү муниципалдык ишканаларына абаттоо, жашылдандыруу жана жарыктандыруу үчүн бөлүп берсин:
- ЖЧМИ – 3 300 000 (үч миллион үч жүз) сом;
- "КСТжЖЧКК" МИсине – 5 700 000 (беш миллион жети жүз) сом;
- "Жашылдандыруу чарбасы" МИсине – 6 000 000 (алты миллион) сом;
2. ЖЧМИ, "КСТжЖЧКК" МИнин жана "Жашылдандыруу чарбасы" МИнин директорлору, бөлүнгөн акча каражаттарды, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү" Мыйзамына ылайык, максаттуу пайдаланышсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, каржы, сода, өнөр жай, инвестиция жана ишмердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |