Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 27-12/15
№1 инновациялык гимназия-мектебине акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
№1 инновациялык гимназия-мектебинин директору У.С.Абдыкеримованын, 2016-жылдын 28-декабрындагы, чыг.№360 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), №1 инновациялык мектеп-гимназиясына, ашкананы оңдоо үчүн, 86 650 (сексен алты миң алты жүз элүү) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын эсебинен бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, иневестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |