Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 56/10-7
“Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын мэри И.М.Еркеевдин отчетун бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 44-беренесинин 8-бөлүкчөсүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун 13-пунктунун талабына ылайык Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын 1 вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын отчетун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы боюнча шаардын 1вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын отчету, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун маалыматы эске алынсын.
2.Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №20/4-7 сандуу токтому менен бекитилген Кара-Көл шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн планы 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен салыктык базаларынын азайып кеткендигине байланыштуу салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча - 3 727,6миң сом, сатуудан алынуучу салык боюнча - 19 584,8миң сом, жалпы - 23 312,4миң сомго аткарылбай, шаардык бюджетти балансташтыруу максатында шаардык бюджеттен каржылануучу бюджеттик мекемелердин корголгон беренелерден (айлык акы, соцфондго чегерүү, тамак-аш, жеңилдиктер) сырткары башка чыгымдарын кыскартуу жолу менен такталган план- 17 951,2миң сомго азайтылгандыгы белгиленсин.
3.Бул токтомдун 2-пунктунан келип чыккан жагдайды эске алуу менен Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №20/4-7 сандуу токтому менен бекитилген коммуналдык чыгымдар боюнча 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жылуулукка - 1 000,0миң сом кредитордук карыз пайда болгону жана мэриянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетте” бекитилген -14 852,9миң сомдук иш-чаралардын эң приоритеттүү болгон - 1 565,5миң сомдук, же 10,5%дык гана иш аракеттер каржыланып ишке ашырылгандыгы белгиленсин.
4.Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №18/4-7 сандуу токтому менен бекитилген 2016-жылдын жыйынтыгы менен пайда болгон - 13 807,0миң сомдук үнөм, бош калган каражаттардын:
- 2017-жылдын 1-январына пайда болгон - 7 361,8миң сомдук кредитордук карыздар боюнча иш-аракеттердин - 6 118,1миң сому, же 83,1%зы каржыланып, ал эми - 1 243,7миң сому, же 16,9%зы иш-чаралардын толук кандуу аткарылбагандыгы;
- Мэриянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетинде” бекитилген - 6 445,2миң сомдук иш-аракеттерге - 5 335,6миң сом, же 82,8%зы каржыланып, - 1 109,6миң сом, же 17,2%зы бекитилген иш-чаралардын толук кандуу бүтпөгөндүгүнө байланыштуу калдык каражат катары калгандыгы белгиленсин.
5.Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №19/4-7 сандуу токтому менен мэриянын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетинде”бекитилген 13 108,0миң сомдук иш-аракеттерге - 6 777,9миң сом, же 51,7%зы каржыланып, - 6 330,1миң сому, же 48,3%дык иш-аракеттер толук кандуу бүтпөгөндүгүнө байланыштуу калдык каражат катары калгандыгы белгиленсин.
6.Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун 7-пункту менен бекитилген мэриянын резервдик фондунун чыгымы 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен - 340,0миң сомдун ордуна - 389,6мин сом, же - 49,6миң сомго ашыкча каражат ден-соолугу жабыркаган жарандарга каржылоого жол берилгендиги белгиленсин.
7.ШММБнын 2017-жылдын 1-январына пайда болгон - 5 760,8миң сомдук дебитордук карыздын - 2 406,2миң сому 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен жоюулуп, жыл ичинде кошумча пайда болгон - 2 383,7миң сомдук дебитордук карыздын эсебинен 2017-жылдын 1-октябрына карата - 5 738,4миң сомдук дебитордук карыз пайда болгону белгиленсин.
8.2017-жылдын 1-октябрына карата кирешелердин жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча - 1 184,7миң сомдук каражат өндүрүлбөй калгандыгы (“недоимка”) белгиленсин.
9.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын негизинде 2016-жылдан бери аткарылып жаткан шаардык “Энергетик” маданият үйүнүн капиталдык ремонту, шаардык “Энергетик” эс алуу паркын реконструкциялоо жана шаардын Серый көчөсүндөгү футбол аянтчасынын жанындагы фонтан жана бассейнди реконструкциялоо” боюнча жалпы - 12 865,2миң сомдук (анын ичинде - 5 743,2миң сому шаардын үлүшү) иштер 2017-жылдын 1-октябрына карата толук кандуу аткарылып тапшырылбагандыгы баса белгиленсин.
10.Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Муратов Т.Т.) Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.17-ж. №20/4-7 сандуу токтому менен бекитилген салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча - 38 677,0миң сомдук жылдык пландын толук кандуу аткаруусу жана жергиликтүү салыктын түрлөрү боюнча өндүрүлбөй калган (“недоимка”) - 1 184,7миң сомдук каражатты өндүрүү милдеттендирилсин.
11.ШММБ (Бабаканов Э.Э.)ШММБнын 2017-жылдын 1-октябрына карата пайда болгон - 5 738,4миң сомдук дебитордук карызды жоюу иш-аракеттерин күчөтүү сунушталсын.
12.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.) шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткарууда шаардык кеңештин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун 5-пунктунун, ал эми мэриянын резервдик фонду боюнча чыгымды 7-пунктунун талабына ылайык бекитилген лимиттен ашыкча каражат каржылоого жол бербөөсү сунушталсын.
13.Шаардын мэри И.М.Еркеевге жана ШММБнын башчысы Э.Э.Бабакановго 2017-жылдын 31-декабрына чейин:
13.1.Бул токтомдун 3,4,5,6-пункттарында белгиленген Кара-Көл шаардык кеңештин 27.04.2017-ж. №18,19,20/4-7 сандуу токтомдорундагы шаардык мэриянын социалдык - экономикалык өнүктүрүү программасында, же “Өнүгүү бюджетинде” бекитилген иш-чаралар толук кандуу сапаттуу аткарылышы, бекитилген каражаттардын эффективдүү сарпталышы;
13.2.Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен берилүүчү дем берүүчү (үлүштүк) гранттын негизинде 2016-жылдан бери аткарылып жаткан шаардык “Энергетик” маданият үйүнүн капиталдык ремонту, шаардык “Энергетик” эс алуу паркын реконструкциялоо жана шаардын Серый көчөсүндөгү футбол аянтчасынын жанындагы фонтан жана бассейнди реконструкциялоо” боюнча жалпы - 12 865,2миң сомдук (анын ичинде - 5 743,2миң сому шаардын үлушү) иштер 2017-жылдын 31-ноябрына карата толук кандуу аткарылып Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү отчеттук документтерди тапшыруусу сунушталсын жана милдеттендирилсин.
14.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Осмонкулов Ж.Т.), мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад областынын Кара-Көл шаары боюнча башкармалыгына (Муратов Т.Т.), ШММБна (Бабаканов Э.Э.), ал эми контролдоо шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |