Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 57/10-7
“Кара-Көл шаарынын 2017-2018-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө 1 вице-мэрдин маалыматы ”
“Кара-Көл шаарынын 2017-2018-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматын, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 10-майындагы “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2017/2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө” №262 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2017-жылдын 30-майындагы №96 токтомун турмушка ашыруу, шаардын калкын жана экономика тармактарын 2017-2018-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иш-чара бекитилип, аны аткаруу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлгөн.
Шаарды жылуулук менен камсыз кылуу боюнча төрт (“ЦТК”, А.К.Тавашаров, 7-аянтчадагы, “ДСР”, “Бекташ”) электр откана иштейт. Алардын жалпы кубаттуулугу Р-42мВт жана жылуулук берүүчү түтүкчөсүнүн узундугу 46,2 чакырымды түзөт. Электр от казандарга капиталдык жана кезектеги жабдууларын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө, атап айтканда:
-«ЦТС» - электр отказандары -100%, электр кыймылдаткычтары -85%, МВ ВК-10 КРУН 6кВ – 80%;
-«Тавашаров» - электр отказандары -100%, электр кыймылдаткычтары -95%;
-«Бекташ» - электр отказандары -100%, электр кыймылдаткычтары -95%;
-«ДСР» - электр отказандары -90%, электр кыймылдаткычтары -95%га ондоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн жана шаар боюнча жылуулук системасынын түтүкчөлөрү алмашуу иштери жүргүзүлгөн;
Ошондой эле шаар тургундарынан, мекеме-ишканалардан түшкөн арыздардын негизинде жылуулук системасындагы түтүкчөлөрдү, батареяларды тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Шаардагы бардык социалдык объектилер (билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары) борбордук, индивидуалдык жылытуу системасы аркылуу жылытылат жана ММБ тарабынан иш-аракеттер жүргүзүлүп, кышка даярдыктар көрүлүүдө.
Шаардык кенештин 2017-жылдын 27-апрелиндеги №19/4-7-токтомунун негизинде бекитилип берилген үнөм каражатынан “Энергетик” маданият үйүнүн чатырын капиталдык ремонттоого 2856,6 мин сом каралып, долбоор кеч даярдалып бүгүнкү күнү гана тендерге чыккан.
Ошондой эле Кара-Көл шаарындагы №3 “Келечек” балдар бакчасынын чатырын капиталдык ремонттоого 2937,7мин сом, №3 “Келечек” балдар бакчасынын суу түтүкчөлөрүн жана канализациясын капиталдык ремонттоого 167,8мин сом жана сырткы жана ички электр энергиясы менен камсыз кылуу системасын капиталдык ремонттоого 277,1мин сом, Б.Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатырын жабууга 1835,4мин сом каралган, бирок жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү планга чыкпай калгандыгына байланыштуу аталган иш- чаралар аткарылган эмес.
Б.Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатырынан жана №3 “Келечек”балдар бакчасынын чатырынан суу өтүп, көгөрүп кеткен жана сырткы шам чырактарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү керек.
Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинде өрт өчүрүүчү шаймандар жок (пожарный щиттер), өрт гидранттары иштебейт жана мектепке келген электр тогунун кабелдери күйүп кеткен, бирок бүгүнкү күнгө чейин ондоп- түзөө иштери жүргүзүлө элек.
Токтогул атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын 2-корпусунда 23,24,25,26,27,28,29,30,36 кабинеттеринде, спорт залында жылуулук жакшы жылыбай, талапка жооп бербейт жана 1-корпусунда чатыры тешилип, ушуга тиешелүү бардык кабинеттерден суу агат.
М.В.Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүүчү орто мектебинде өрт өчүрүүчү шаймандары жок(пожарный щиттер), өрт гидранттары иштебейт.
Т.Темиров атындагы №6 орто мектебиндеги трансформаторлорду оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү, мектептин ичиндеги электр тогу келүүчү кабелдерди текшерүү, алмаштыруу жана трансформаторлордун ичиндеги автоматтарын алмаштыруу иштери жүргүзүлүүсү зарыл.
Электр энергияны колдонууда электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл.
ММБ тарабынан инерттик материалдар жетишээрлик көлөмдө даярдалуусу зарыл.
Бүгүнкү күндө калкка көмүр камдоо боюнча план 600тн. болсо, 450тн.көмүр, отун даярдалган, иш план 75%га аткарылган.
Жогорудагы көрсөтүлгөндөрдүн негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
“Кара-Көл шаарынын 2017-2018-жылга күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы жөнүндө” Кара-Көл шаарынын I вице-мэри Өскөн уулу Калыбайдын маалыматы, шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.О.Тайчабаровдун маалыматы эске алынсын.
Кара-Көл шаарынын мэри (И.М.Еркеев):
-Кара-Көл шаарындагы №3 “Келечек” балдар бакчасынын чатырын капиталдык ремонттоо, №3 “Келечек” балдар бакчасынын суу түтүкчөлөрүн жана канализациясын капиталдык ремонттоо жана сырткы жана ички электр энергиясы менен камсыз кылуу системасын капиталдык ремонттоо, Б.Хуриев атындагы №5 орто мектебинин чатырын жабуу боюнча приоритеттүүлүгүн эске алып, 2018-жылдын өнүгүү бюджетине сунуштоо боюнча иш -чара иштеп чыксын;
-М.В.Фрунзе атындагы №3 жалпы билим берүүчү орто мектебинде, Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинде өрт өчүрүүчү шаймандарын (пожарный щиттер), өрт гидранттарын жана мектепке келген электр тогунун кабелдерин ондоп- түзөө;
-Токтогул атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын 2-корпусунда 23,24,25,26,27,28,29,30,36 кабинеттеринде, спорт залында жылуулук системасын тазалоо;
- Т.Темиров атындагы №6 орто мектебиндеги трансформаторлорду оңдоп-түзөө иштери, мектептин ичиндеги электр тогу келүүчү кабелдерди жана трансформаторлордун ичиндеги автоматтарын алмаштыруу иштерин жүргүзсүн.
Кара-Көл электр тармактар ишканасынын башчысына (Ж.Т.Ажыканов):
- дебитордук карыздарды азайтуу;
- жалпы жоготууларды азайтуу;
- күз-кыш мезгилинде калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу милдеттендирилсин;
4. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Э.Э.Бабаканов), КТГЭСтин директоруна (А.К.Кушубаков) жана №30 жол тейлөө ишканасынын башчысына (Э.Б.Сейдалиев):
- 2017-2018-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын аймагындагы автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткаруу максатында жана үзгүлтүксүз транспорттук байланышты камсыздоо үчүн атайын техникалардын даярдыгын камсыз кылууну, тийиштүү инерттик материалдарды даярдоо иштерин жүргүзүүнү күчөтүү милдеттендирилсин.
5. КТГЭСтин директоруна (А.К.Кушубаков) жана №30 жол тейлөө ишканасынын башчысына (Э.Б.Сейдалиев):
- 2017-2018-жылдагы күз-кыш мезгилинде шаардын ички автожолундагы карларды, жолдордогу муздарды, таштарды (осыпь) тазалоо жана жолду кеңейтүү, кум, туз чачуу иштерин аткарууда муниципалдык менчик башкармалыгына транспорт жагынан көмөк көрсөтүү суралсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (И.М.Еркеев) ал эми
контролдоо жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров ) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |