Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 58/10-7
“Кара-Көл шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак-аштардын сапаттарын текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиянын корутундусу жөнүндө”
ындагы жалпы билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак- аштардын сапаттарын текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу
жумушчу комиссиянын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин Кара-Көл шаарындагы жалпы билим берүү мектептериндеги жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак –аштардын сапаттары, нормалары жөнүндө корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринде жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак-аштардын сапаттарын текшерүү боюнча түзүлгөн убактылуу жумушчу комиссиянын төрагасы Ж.С.Джуробаевдин Кара-Көл шаарындагы жалпы билим берүү мектептериндеги жана бала бакчаларда берилип жаткан тамак –аштардын сапаттары, нормалары жөнүндө корутундусу эске алынсын.
2. Кара-Көл шаардык жалпы билим берүү мектептеринде тамак –аштын менюсу жума сайын бекитилип илинсин.
3. Шашке чайга берилүүчү печенье, момпосуйлар, майлар калькуляцияга ылайык өлчөмдө берилсин.
4. Печенье, момпосуйлар келишимдеги аталышта алынсын.
5. Муздаткычта жана кампада сакталган азык-түлүктөр маркаланып (маркировка), алынган жана жарактуу мөөнөтү жазылсын.
6. Шаардык жалпы билим берүү бөлүмүнө ( Мырзалиева А.Б) кетирилген кемчиликтерди жоюу боюнча 2017-жылдын 29-ноябрынан 29-декабрына чейин иш жүргүзүү жана аткарылган иш-чаралар боюнча шаардык кеңешке жазуу жүзүндө билдирүү жөнөтүү милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын вице-мэри Г.О.Сатаровага, Кара-Көл шаардык жалпы билим берүү бөлүмүнө ( Мырзалиева А.Б), ал эми контролдоо шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (Ж.С.Джуробаев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |