КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-ноябры № 59/10-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 32- беренесин жетекчиликке алып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.06.2017-жылдагы №32/6-7 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) токтомдун 2-пунктундагы “ 5 айлык” деген сөз “ 8 айлык” деген сөзгө алмаштырылсын.
Кара-Көл шаардык кеңешинин 21.06.2017-жылдагы № 31/6-7 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
а) токтомдун 2-пунктундагы “ 5 айлык” деген сөз “ 8 айлык” деген сөзгө алмаштырылсын.
Төрага | Б.Н. Кыргызалиев |