Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2017-жылдын 21-ноябры № 7/5
Кербен шаардык Кеңешинин депутаты А.Мырзаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө
«Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен шайланган Кербен шаардык Кеңешинин депутаты Мырзаев Абдрашиттин депутаттык ыйгарым укугун мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө жазган арызын канааттандыруу максатында, «Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» КР Мыйзамынын 3-беренесине жана Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 14-ноябрындагы № 13 токтомуна негиз маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен шайланган Кербен шаардык Кеңешинин депутаты А.Мырзаевдин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга макулдук берилсин.
2.Бул токтом КР БШКсынын кароосуна жөнөтүлсүн жана кезектеги талапкерлерге депутаттык мандат ыйгарып берүү жагы сунушталсын.
3.Токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн жана «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы М.Камбаровага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |