Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-августу № 1
Ноокен айыл аймагына караштуу Чиртек-Сай айылынын тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Эл депуттарынын Ноокен айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы Ноокен айыл аймагынын Чиртек-Сай айылынын тургундарынын арызын карап угуп талкуулап Ноокен айылдык кенешинин ХХVII- чакырылышынын VI- сессиясы төмөндөгүдөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Чиртек-Сай айылынын тургундарынын Масы, Чиртек-Сай, Сакалды жолуна “Лежающий полиция” коюп берүү боюнча жазган арызы приоритеттүү деп табылсын.
2. Чиртек –Сай айылына “Лежающий полицияны” коюп берүү Ноокен райондук ДЭП-1 ишканасынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Эл депутаттарынын Ноокен айылдык Кеёешинин Этика жана Мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Корчубаев Абытжанга жүктөлсүн.
Төрага | Н. Муратов |