Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 27-12/16
Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
«Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуш кылынган талапкерлер боюнча материалдарды талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XII сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Каракол шаарынын Ардактуу атуулу» наамы, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө зор салым кошкон төмөнкү атуулдарга ыйгарылсын:
- Аматов Савурджан Асановичке;
- Баратова Натипа Адылгазиевнага;
- Джусупова Шарика Мусаевнага;
- Иманакунов Ургазы Жолдошевичке;
- Мааткеримов Нурсапар Оролбековичке;
- Мамбетов Кубанбек Джамангуловичке;
- Мамбетова Эркинге;
- Мураталиев Улан Бейшеналиевичке;
- Сабатаров Бейшембек Обокировичке;
- Сапиев Кеңешбек Сапиевичке;
- Табалдиев Өмүрбек Ишенбаевичке;
- Эгембердиев Курманбек Шапыковичке;
- Шарипов Жусупбек Шариповичке;
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, аракеттеги Жобого ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңеши менен Каракол шаарынын мэриясынын, жогорудагы аталган жарандарга, “Каракол шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө биргелешкен токтомду кабыл алышсын.
4. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарылансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э.Айсаракунов |