Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 04-декабры № 1
2017-жылдагы бюджетке өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Бекназаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылы белгиленген пландан ашык аткарылган каражаттардан:
-чакан ишкердик субьектери үчүн бирдиктүү салыктан 7,7 миң сом
- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан 24,6 миң сом
-кен байлыктарды пайдаланууга болгон укуктарды кармап
туруу үчүн лицензияга төлөмдөн 47,7 миң сом
бардыгы пландан ашык аткарылган каражаттар боюнча: 79,0 миң сом
2. Жарыяланган тендерлерден үнөмдөгөн каражаттардан:
-борбордук спорт залдын курулушуна бөлүнгөн каражаттан 20,0 миң сом
-Таш көмүр сатып алуу боюнча бөлүнгөн каражаттан 77,1 миң сом
Бардыгы үнөмдөлгөн каражаттар боюнча: 97,1 миң сом
Жалпы жыйынтыгы: 176,1 миң сом
Бир жүз жетимиш алты миң бир жүз сом акча каражаты АРИС программасынын негизинде Кара-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмеси аркылуу ишке ашып жаткан “Фронталдык погрузчик алуу” кичи долбооруна өздүк салым катары бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Чалыбаевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Малабеков |