Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын19-июлу № 5/1
Кербен шаарынын “вице-мэри” кызматынын талапкерине макулдук берүү жөнүндө
Кербен шаарынын мэриясында оперативдүү башкарууну өркүндөтүү жана вице-мэр кызматына талапкерди дайындоого макулдук берүү максатында,“КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун 4-пунктчасына ылайык маселени карап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарынын вице-мэри кызматына Улан Кудайбердиевди дайындоого макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Шакиев |