Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-февралы № 12/4
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын курамы жана жер участкаларын жарандарга ижарага берүнүн ѳлчѳмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III токтому менен бекиген айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндогү типтүү жобосуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча жер комиссиясынын төмөндөгү курамы бекитилсин
1.М Икешов айылдык Кеңештин депутаты
2. С.Өмүрбаев айылдык Кеңештин депутаты
3. Б.Жолдошбек уулу. айыл өкмөтүнүн башчысы
4. А.Алдакулов айыл өкмөтүнүн жер адиси
5. А.Бейшекеев турак жай адиси
6. Э.Буржуев айылдык Кеңештин депутаты 7.А.Нурманбетов Комсомол айылынын башчысы
2 .Айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жер участкаларын жарандарга ижарага берүнүн ѳлчѳмү 2 гектардан белгиленсин
Төрага | А. Рахманкулов |