Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги ХII-сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 12/6
“Балдардын коопсуздугу өз колубузда” аттуу долбоору жөнүндө
Өнүктүрүү Саясат Институтунун “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Швейцария өкмөтү тарабынан каржылануусу ʏчʏн “Балдардын коопсуздугу өз колубузда” аттуу долбоору жөнүндө айыл өкмөттүн адиси А.Эмил уулунун маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Алыш айылындагы мектеп менен бала-бакчанын ортосунан өткөн лотоктун үстүн жабдыруу, балдар өтүүчү жерге тиешелүү шарттарды түзүп берүү, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Балдардын коопсуздугу өз колубузда” долбоору бекитилсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айы өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен “Балдардын коопсуздугу өз колубузда” долбооруна 100 581 (бир жʏз миң беш жʏз сексен бир) сом акча каражаты бөлʏнʏп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы жʏктөлсʏн
Төрага | Р.Эсекеев |