Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-февралыы № 12/7
“Баластан-Нуру” бала-бакчасынын курулуш, оңдоо” долбоору жөнүндө
Өнʏктʏрʏʏ Саясат Институтунун “Элдин ʏнʏ жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» долбоорунун алкагында Швейцария өкмөтʏ тарабынан каржылануусу ʏчʏн “Баластан-Нуру” бала-бакчасынын курулуш, оңдоо” долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомол айлындагы “Баластан-Нуру бала-бакчанын кире беришине тамбур , азык-тʏлʏк сактоочу склад куруу долбоору бекитилсин.
2. Талаа-Булак айыл аймагынын айы өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен “Баластан-Нуру бала-бакчанын кире беришине тамбур , азык-түлүк сактоочу склад куруу” долбооруна 110 000 (бир жүз он миң ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагы жүктөлсүн
Төрага | Р.Эсекеев |