Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XII-сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 12/10
Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылына кичи футбол аянтчасына кароолчулук штат бирдиктери кароо жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылындагы “С.Өмүрбаев” атындагы орто мектебинин аянтынын ичине кичи футбол аянтчасын куруу бүткөрүлгөндөн кийин талап тоноодон сактоо үчүн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин бош калган каражатарынын эсебинен кароолчулук штат бирдиктерин карап берүү жөнүндө А.Нурманбетовдун өтүнүчүн угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын Комсомол айылындагы “С.Өмүрбаев” атындагы орто мектебинин аянтынын ичине кичи футбол аянтчасын куруу бүткөрүлгөндөн кийин талап тоноодон сактоо үчүн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин бош калган каражатарынын эсебинен кароолчулук штат бирдиктери каралсын
2. Комсомол айылындагы “С.Өмүрбаев” атындагы орто мектебинин аянтынын ичине кичи футбол аянтчасын куруу бүткөрүлгөндөн кийин талап тоноодон сактоо үчүн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин бош калган каражатарынын эсебинен кароолчулук штат бирдиктерин карап бекитүү жагы Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Жолдошбек уулуна жана башкы бухгалтер М.Исраиловага тапшырылсын
Төрага | Р.Эсекеев |