Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы
2018-жылдын 30-марты № 13/2
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча 2018-жылга тазалык жыйындан жеңилдиктерди берүү жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттодо туруп Дөң-Алыш,Комсомол айылдарында жашабаган түтүн ээлерин тазалык жыйындан бошотуу жөнүндө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси А.Джумабаеванын сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 4-пункутчасынын негизинде Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛЫТ:
1. Талаа-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чарба китебинде каттодо туруп Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында жашабаган 119 түтүн ээлери тизмеге ылайык 2018-жылга пландалып жаткан тазалык жыйынынан жеңилдиктер берилсин. (тизме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |