Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2018-жылдын 30-марты № 13/3
Дөң-Алыш, Комсомол айылдарында автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу жөнүндө
Талаа-Булак айыл аймагынын Дөң-Алыш Комсомол айылдарынын борбордук көчөлөрүнүн автоунаа жол кыймылынын коопсуздугун алдын алуу максатында Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөң-Алыш, Комсомол айылдарынын борбордук көчөлөрүнүн автоунаа жол кыйымылынын коопсуздугун алдын алууга Дөң-Алыш айылыны- 5 (беш), Комсомол айылына - 5(беш) авто унаалардын ылдамдыгын азайтуучу дөңчөлөр ( лежачий полицейский) коюлсун.
2. Дөң-Алыш, Комсомол айылдарынын асфальт төшөлгөн борбордук көчөлөрүнөн каз тамандуу техникалардын жүрүшүнө тыюу салынсын жана каз тамандуу техникаларыдын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүнүү айыл башчылар С.Аденовго , А.Нурманбетовго милдеттендирилсин
3. Дөң-Алыш, Комсомол айылдарынын борбордук көчөлөрүнө автоунаа жол кыйымылынын коопсуздугун алдын алууга Дөң-Алыш , Комсомол айылдарына авто унаалардын ылдамдыгын азайтуучу дөңчөлөрдүн ( лежачий полицейский) коюулгандыгы жөнүндө Кочкор райондук жол кайгул кызматына маалымат берилсин
4. Бул токтом аткарылышын көзөмөлдөөнү туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Р.Эсекеев |