Загрузка документа…
ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз XIII-сессиясы
2018-жылдын 30-марты № 13/4
Кочкор райондук «Ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү жөнүндө
Кыгыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 37-беренесинин 8-бөлумчөсүнө ылайык “ Кыргыз Республикасынын Энелер күнүн белгилөө” күнүнө карата эл ичинде кадыр барктуу апаларды Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатты Р.Осмоновдун сунушун угуп жана талкуулап Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ Кыргыз Республикасынын Энелер күнүн белгилөө”күнүнө карата эл ичинде кадыр барктуу , урмат-сыйга ээ болгон апалар Дөң-Алыш айылынын тургуну Дөөталиева Маасымбүбүнү, Комсомол айылынын тургуну Калманбетова Кайырбүбүнү Кочкор районунун “Ардактуу атуулу” наамын ыйгарууга сунуш кылынсын
2. Бул токтом Кочкор райондук депутаттарынын кошмо жыйналышынын алдында түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
Төрага | Р.Эсекеев |