Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVI-сессиясы
2018-жылдын 28-марты № 16/1
Жайыттарды которуштуруу максатында Соң-Көл, Ак-Бел жайлоосуна малчыларды көчүрүү жана айылдардагы элдик жыйындардын токтомдорун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, ЖПБнын төрагасы Жукешов Кайратбектин маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ички жайлоолор толугу менен 3 айга эс алдырууга калтырылсын.
2. Айыл аймагындагы Шамшы айылынын тургундарынын малын баккан чабандарды Ак-Бел жайлоосуна;
3. Кум-Дөбө, Бугучу, Ак-Жар айылдарынын тургундарынын малын баккан чабандары Соң-Көл жайлоосуна көчүрүлсүн.
4. Айылдарда өтүлгөн жалпы элдик жыйындардын токтому менен бекитилген мал башына чектелип коюлган баа менен алынсын.
5. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн иштерди аткаруу жагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго, айыл башчылар Н.Акматовго, К.Турусбековго, М.Дүйшөналиевге жана Н.Көчөровго милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |