Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVI-сессиясы
2018-жылдын 28-марты № 16/4
Кум-Дөбө айыл аймагындагы айылдарда ветеринардык клиника ачуу жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын
айылдык кеңешинин депутаттары, Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин айылдарда өтүлгөн элдик жыйындардагы ветеринардык клиника ачуу боюнча жактырылып, макул болгондугу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Кум-Дөбө, Шамшы, Ак-Жар айылдарына, айылдарда өтүлгөн элдик жыйындардын негизинде, ветеринардык клиника ачуу жөнүндө жыйындардын токтомдору бекитилип, долбоору жактырылсын жана ушул долбоорду ишке ашырууга өздүк салымы которулуп, жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
А). Ак-Жар айылына-1 ветеринардык клиника
Б). Кум-Дөбө айылына- 1 ветеринардык клиника
В). Шамшы айылына – 1 ветеринардык клиника
Айыл өкмөтүнө ачыла турган ветеринардык клиникага тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы К.Нуркалиевге тапшырылсын.
Кум-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу ЖКнын 2018-жылга түзүлгөн инвестициялык планы жана жайыт башкаруу планы бекитилсин.
Кум-Дөбө айыл аймагына ветеринардык клиника ачууга өздүк салымы катары жалпы суммасы 37000 (отуз жети миң) сом өкмөттүн эсебинен, калган 125 880 (бир жүз жыйырма беш миң сегиз жүз сексен) сомду бош калган каражаттын эсебинен толукталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |