Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVI-сессиясы
2018-жылдын 28-марты № 16/6
Кайырма каналын өзгөртүп Байсабаев Мансур атындагы каналы деп атын коюу жөнүндө
Депутаттардын VI - чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, № 3 Кеңсе шайлоо округунан шайланган депутат И.Бейшеевдин жалпы элдик жыйындагы колдогон маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бугучу- Кум-Дөбө айылындагы Кайырма каналы өзгөртүлүп, “Байсабаев Мансур” атындагы каналы деп аталсын.
2. Көрсөтүлгөн жаңы М.Байсабаев атындагы канал деп аталгандыгы боюнча каналдын башына, ортосуна жана аягына жаздырып илдирүү жагы айыл башчы Н.Акматовго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |