Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-марты № 18/2
«Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектептерге тиешелүү электр трансформаторлоруна жер аянттарын бөлүү жөнүндө»
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан Ө. Токтосунов, Алыш жана К. Абиров орто мектептерге тиешелүү электр трансформаторлордун оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо жана башка электр иштерин жүргүзүүнүн максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айьгл өкмөтүнүн жер жана турак жай комиссиясынын 2018-жылдын 1-март айындагы отурумунун №2/А токтому бекитилсин.(тиркемеси тиркелет).
2. Дөбөлү айыл аймагынын айьгл өкмөтүндө жайгашкан Ө. Токтосунов, Алыш орто мектептердин жер аянттарынан 25 чарчы метр жер аянты жана К. Абиров орто мектепке Кеңеш айылынын тургуну Кудайбергенов Курманбектин өз макулдугу менен менчик оргордунан 12 чарчы метр жер аянты электр трансформаторлорду оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоого бөлүнүп берилсин.
3. Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |
1-март 2018 - жыл Дөбөлү айылы
Катышкандар:
Комиссиянын төрагасы - Аракеев Акылбек
Мүчөлөрү - Касымова Жайн
Токталиев Бердибек
Курманов Жыргалбек
Алымбаев Жыргалбек
Султанов Жаныбек
Камбаров Эрнис
Каралуучу маселе:
«Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мектептерге тиешелүү электр трансформаторлоруна жер аянттарын бөлүү жөнүндө».
Каралуучу маселе боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиев төмөндөгүдөй маалымат берди. «Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемеси Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан Ө. Токтосунов, Алыш жана К. Абиров орто мектептерге тиешелүү электр трансформаторлордун оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо жана башка электр иштерин жүргүзүү үчүн ушул жайгашкан электр трансформаторлордун жер аянттарына токтом чыгарып бериңиздер деп кайрылышкан».
Бул маселе боюнча Өкмөт башчы У. Алсейитов, Алымбаев Жыргылбек, Аракеев Акылбек жана башкалар сөз сүйлөштүү.
Жогоруудагы маселени талкуулап, комиссиянын отуруму токтом кылат:
1 .Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан Ө. Токтосунов, Алыш орто мектептердин жер аянттынан 25 чарчы метр жер аянты жана К. Абиров орто мектепке Кеңеш айылынын тургуну Кудайбергенов Курманбектин өзүнүн макулдугу менен менчик оргордунан 12 чарчы метр жер аянты электр трансформаторлорду оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоого бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
Комиссиянын төрагасы - Аракеев Акылбек
Мүчөлөрү - Касымова Жайна
Токталиев Бердибек
Курманов Жыргалбек
Алымбаев Жыргалбек
Султанов Жаныбек
Камбаров Эрнис