Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 19- сессиясы
2018-жылдын 20-апрели № 19/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган Экскаватор, Цистерна Сеялканын элге кызмат кылгандыгы үчүн ижара акыларын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасында турган Экскаватор, Цистерна, Сеялкалардын элге кызмат кылгадыгынын негизинде бюджетке акча каражатын түшүрүү боюнча бир жылга ижара акысын бекитип берүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовдун сунушунун негизинде Дөбөлү айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айылынын тургуну Э. Камбаров Экскаватор менен элге кызмат кылып, иш жүргүзгөндүгү боюнча бир жылга ижара акысы 8000(сегиз миң ) сом болуп бекитилип берилсин.
2. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган 5(беш) цистернаны Дөбөлү айыл аймагынын тургундары пайдалангандыгы үчүн бир жылга 1000( миң) сом болуп бекитилсин.
3. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган сеялканы элге кызмат кылып жүргөн Дөбөлү айылынын тургуну Уланбек уулу Жолдошбекке бир жылга 3000(үч миң) сом аренда акысы бекитилип берилсин.
4. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган Экскаватор, Цистерна, Сеялканын аренда акылары жергиликтүү бюджетке түшүрүлсүн.
5. Дөбөлү айыл аймагынын жайыттар комитетинин пайдаануусундагы Экскаватор техникасынын аренда акысы бир жылга 45000 сом (кырк беш миң) сом болуп бекитилсин жана аренда акысы Жайыттар комитетинин бюджетине түшүрүлсүн.
6. Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасында турган Экскаватор, Цистерна, Сеялканын аренда акылары жергиликтүү бюджетке түшкөндүгү боюнча маалымат берип туруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлумүнүн башчысы Э. Турганбаевага мил деттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |