Редакцияот 20.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

ХХVII-чакырылышынын 18- сессиясы

 

2018-жылдын 20-апрели № 19/3

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө

Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дөбөлү айылдык кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу» жана «Жайыттар» тууралуу Мыйзамынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү тууралуу келишими бекитилсин.

2. Тиешелүү докукументтерди даярдап берүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Э. Турганбаевага жана Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Султановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Уланбек уулу Ж.