Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХVII-чакырылышынын 18- сессиясы
2018-жылдын 20-апрели № 19/4
Дөбөлү айыл аймагындагы Кенеш, Алыш айылдарындагы там салуу үчүн, бош жерлерди аныктап ген планга сунуштоо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынынын Кенеш, Алыш айылдарындагы там салуу үчүн, бош жерлерди аныктап ген планга сунуштоо максатында Дөбөлү айылдык кенеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбөлү айыл аймагынынын там салуу үчүн, Алыш айылынан 10 га жер аянтын, Кенеш айылынан 6 га жер аянтын, ген планга киргизүүгө сунушталсын.
2. Ген пландын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын тургундарына там салуу үчүн 0,15 сотыхтан жер аянты бөлүнүп берилсин.
3. Дөбөлү айыл аймагынын Кенеш, Алыш айылындагы туура эмес бөлүнүп берилген жерлерди аныктап, тактап берүү жагы Дөбөлү айыл аймагынын жер комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылып, тиешелүү документтерди даярдоо жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б. Токталиевге милдеттендирилсин. Бул токтомдун аткырылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |